Бишкектин тургунун бычак менен сайган делип Казак жараны изделип жатат

Бишкекте жергиликтүү тургундун ичине бычак сайып кетишти. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан бүгүн, 13-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 11-июнда болгон. Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш адам кол салган. Аталган факты Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен катталган. Ыкчам иликтөөчүлөр кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Агаликов Ганижан Бахадырович аттуу Казакстандын жараны экендигин аныкташкан. Ал мамлекеттер аралык издөөгө алынды.

Милиция издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0 702 49-88-88, 0 557 11-94-10, 0 702 37-37-70, 0 704 300-843 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.