Бишкектин тургунунун үйүнөн 500 миң сом менен 800 доллар уурдаган шектүүлөр кармалды

Бишкектин Октябрь райондук милициясы тарабынан батир уурулугуна шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү Кара-Жыгачтагы үйүнө уурулар киргенин айтып, чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, үйүнөн 500 миң сом жана 800 долларын, 30 миң сом турган алтын чынжырчасын уурдап кетишкен. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1994 жана 1992-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.