Бишкектин вице-мэринин жол кырсыкка кабылышы. Унаанын ичинде ырчы Самара Каримова менен жолдошу да болгон (сүрөт)

Буга чейин Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жол кырсыкка кабылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан вице-мэр жол кырсыкка кабылган унаанын ичинде кимдер бар экенин айтышты.

Маалыматка караганда, унааны ырчы Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуров башкарып бара жатып, уктап кетип, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн.

«Кырсыктын кесепетинен жаракат алган 1975-жылы туулган Жамалбек Ырсалиев, 1980-жылы туулган Э.Т, 1990-жылы туулган А.Н. Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми ырчы 1991-жылы туулган Самара Каримова аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган»,— деп айтылат маалыматта.