«Биз общактанбыз». Жалал-Абадда жаранды талаага алып барып, ур-токмокко алган шектүү кармалды

Жалал-Абаддын тургунунан опузалап акча талап кылган шектүү Бишкек шаарында кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын 49 жаштагы тургуну облустук милицияга арыз менен кайрылып,  31-март түнкү саат 03:00 чамасында анын үйүнө бейтааныш беш бала кирип, “биз общактанбыз” деп коркутуп, Ноутбук жана телефонун тартып алышып, өзүн унаага салып талаага алып барып уруп, 50 миң сом акча опузалап талап кылып, кайра үйүнө таштап кетишкендигин билдирип, кылмышкерлерди таап аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган арыз 1-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБге катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. 6-апрель күнү Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктап, тергөө кызматына камсыз кылуу максатында иштер жүргүзүлүп, натыйжада анын кылмыштуу шериги ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон, Жалал-Абад шаарынын 1997-жылы туулган тургуну экендиги такталып, 13-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.