«Биз общактанбыз». Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмыштуу шериги менен кармалды

31-март күнү саат 03:00 чамасында 49 жаштагы Өзбек жаранын убактылуу Жалал-Абад шаарында жашаган үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз жарандар киришип, «биз общактанбыз» деп коркутуп, ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн автоунаа менен талаага алып барып уруп, «50 миң сом акча таап бересиң» деп кайра үйүнө таштап кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы окуяга шектелип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну жана анын кылмыштуу шериги Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.