«Биз тирүүбүз!» Жууку ашуусундагы мөңгү көчкүдө калгандар элге «дубай салам» жолдошту (видео)

Жети-Өгүз районуна караштуу Жууку капчыгайынын башындагы Жууку ашуусунда мөңгү көчкүдө калган туристтер жана алар менен барган мекендештер элге «дубай салам» жолдошту. Алардын мөңгү көчкөндөн кийинки абалы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

ӨКМнын берген маалыматына ылайык, окуя 8-июлда болгон. Жерине 10-июль күнү кечки саат 19:00 чамасында 5 куткаруучу барып, 11-июлда саат 10:00 чамасында кайтып келишкен. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза тапкандар катталган жок. Бирок мөңгү көчкөн учурду видео жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Аталган тилкеден мал айдап өтүүгө жол ачык.