Блогер Адыл Акжол уулу кармалып, камакта калтырылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 4-октябрга чейин камакка алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кайсы иш боюнча экени маалымат жок.