Блогер Адыл Акжол уулунун үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголду

Блогер Адыл Акжол уулунун үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

22-июль күнү Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган жашоочусу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 8-июлдан бери А. уулу А. жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген. Аталган факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А. уулу А. өзүнүн Ютуб каналына аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөп, аны 76 миң колдонуучу көргөндүгү жана башка социалдык тармактарга таркап кеткендиги аныкталган. Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

12-августта Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, 4-октябрга чейин камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.