Блогер Али Эргешев үй камагына чыкты. Милиция анын эмне иш боюнча кармалганын айтты

Бишкектен кармалган блогер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ШИИБге 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 24-май күнү саат 15:30 чамасында жаран Жалал-Абад шаарынын сотунун имаратына кирип жатып, Жалал-Абад аймактык сот приставынын талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алгандыгын билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280- беренеси (бейьаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 1995-жылы туулган блогер тергөөгө келбей жашынып жүргөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүнү бөгөт коюу чарасы сырттан камакка алуу түрү колдонулуп, ага карата издөө жарыяланган.

2024-жылдын 13-февраль күнү «Манас» эл аралык аэропортунда, туугандарын узатып барганда, ИИМдин кырдаал борборуна туташтырылган жүзүн таануучу камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Жалал-Абад шаарына жеткирилип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Баш коргоо чарасы бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары уланууда.