Блогер Батмакан Жолболдуева кайра кармалды. Ал бул жолу акча талап кылууга шектелип жатат

Опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды.

2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган аял Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган. Андан соң ал интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. 6-февралда ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Буга чейин ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Редакцияга кармалган блогердин Батмакан Жолболдуева экени маалым болду.