Блогер Эртай Искаков үй камагына чыкты

Сокулук райондук соту блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, өзгөрттү. Анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдиргендей, ал үй камагына чыкты.

14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Искаков менен эки тургун жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.