Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү

Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум 24-декабрда саат 14:00дө өтөт.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Анын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 25-ноябрга чейин камакка алынган. Мындан эки күн мурда анын ачкачылык жарыялаганы маалым болгон. Ал кыйноолорду алдын алуу борборуна 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганын айткан.