Октябрь райондук соту блогер Сыдыманды актады

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Элмир Сыдыманов (Сыдыман) акталды. Бул туууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын жосунунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. “Айыпталуучу Сыдымановго тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өкүм күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылган, өкүм күчүнө киргенден баштап алып салынат. Өкүмгө нааразы тарап Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясына 30 күндүн ичинде даттанууга укуктуу”, — деп айтылат маалыматта.

Сыдыман 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде айрым облустардын тургундары колдонгон сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, элден кечирим сураган эле.