Блогер Улукбек Карыбек уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бейбаштыкка шектелип жатат

Кечээ, 14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулунун милиция тарабынан кармалганы маалымдалган.

Ош ШИИБ окуя тууралуу маалымат берди. «7-июлда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Асанова кабар берип, анда белгисиз журналистер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер Карыбек уулунун жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөт үйүнө киргизбей койгондугу аныкталып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында, блогер өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип келген учурда, дарыгерлер санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Жумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийип, алардын талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, төрөт бөлүмүнүн экинчи кабатынын эшигин бузуп, төрөттөн кийинки жаткан аялдан интервью алып, андан соң төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, ал жерде төрөттөн кийинки жаткан 10дөй адамдан интервью алгандыгы аныкталган.

Кесепетинен төрөт үйүнө 36 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, дарыгерлердин денелерине келтирилген жаракаттарынын аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, төрөттөн кийин жаткан 20 бейтап төрөт стационарынын башкы дарыгерине кайрылуу жасашып, анда блогер төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып киришип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен. Аталган материалдар боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Улукбек Карыбек уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына маалымат таратып, ал маалыматта «милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып баратышат» деген кабар тараткан. Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык тергөө кызматына жогоруда айтылган материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, сурак иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүнө карап, кошумча маалымат берилет«,- дешти.