Блогер Ырыс Жекшеналиев акталды

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өттү. Соттун чечими менен Ырыс Жекшеналиев бардык беренелер боюнча акталды.

Өткөн жылдын август айында 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон болчу.