Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышты

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышты. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактагы баракчасында жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. «25-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Баткен району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында Баткен шаарынын тургуну өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жатып рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен», — дешти.

Арген Асанов менен Аружан Бекешева  буга чейин Баткен шаарында чай концерт болорун айтып, чакырган видео жарыялашкан.