Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону сабаган жаран кыргызстандык экени тастыкталды (видео)

Казакстандагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында болгон окуядан жабыр тарткан кыргызстандык Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Буга чейин казак басылмалары 18-июнда мушкер Бейбут Шуменов кафелердин биринде кыргызстандыкка кол салып, аны сабап баштаганын жазып чыгышкан.

13-июлда элчи Дастан Дюшекеев жабырлануучуга консулдук юридикалык жардам көрсөткөн. Учурда Казакстандын укук коргоо органдары бул окуя боюнча бардык процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө.