Төкмө акын Болот Назаровдун соту 20-майга жылдырылды

Төкмө акын Болот Назаровдун соту 20-майга жылдырылды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

«Соттук отурум 20-майга саат 15:00гө жылдырылды. Сот кыргыз тилинде өтсүн деп сунуш бердик. 20-майга чейин бардык документтер кыргызчага которулат экен», — деди ал.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымындаНазаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.