Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист камакта калтырылды

16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген 11 журналисттин баары СИЗО-1ге камакта калтырылды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 17-январда каралды.

1. Махабат Тажибек кызы;
2. Сапар Акунбеков;
3. Азамат Ишенбеков;
4. Сайпидин Султаналиев;
5. Актилек Капаров;
6. Тыныстан Асыпбеков;
7. Максат Тажибек уулу;
8. Жоодар Бузумов;
9. Жумабек Турдалиев;
10. Айке Бейшекеева;
11. Акыл Орозбеков.

Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталып жатышат.