«Боо менен муунтуп өлтүрүп, талаага көмгөн». Чүйдө кыздын өлүмүнө шектүү 14 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Ата райондук соту Чүйдө таанышы тарабынан өлтүрүлгөн кыз боюнча чечим чыгарды. 17-июндагы соттун чечими менен шектүү адам өлтүрүү беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын 26-февралында Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылган. Чүй ОИИБ маалымат таратып, кыздын 18-февралга караган түндөн бери дайынсыз болуп жатканын билдирген.

«18-февралга караган түнү кыз Гидростроитель айылындагы мектептин жанында таанышы менен жолуккан. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, таанышы кызга кол көтөрүп, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу максатында жансыз денени талаага алып барып, жалбырак, бактын бутактары менен жашырып, качып кеткен. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда», — деп айтылган маалыматта.

Активист Жаныбек Егенбердиев 25-февралда видео жүктөгөн. Анда кыздын апасы кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, окуя тууралуу маалымат берген.

«18-февралга караган түнү кызым досунун суранычы менен сыртка чыккан. Ошондон кийин үйгө кайтып келген жок. Мындайча айтканда, ал менин кызымды жаткан жеринен алып кеткен болуп жатат. Кызым түнкү саат 3тө чыгып кеткен бойдон кайра кирген эмес. Көзөмөл камералардын видеолору бар», — деген апасы.

«Инстаграмда экөөнүн жазышканы бар. Ал кыздан сыртка чыгууну суранган. Биз катты өз көзүбүз менен көрдүк. Анткени ал аккаунтка бир тууганынын телефонунан кирген экен. Жазышуусу сакталып калган. Тез арада бир нерсе тууралуу сүйлөшүү керек экенин жазган экен», — деди апасынын жанында турган жаран.