Боом капчыгайында 2 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти

Кечээ, 17-январь күнү саат 20:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында кургак чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылган. Өрт тоонун этегинде болгондугуна байланыштуу өрт өчүүрүчү унаа бара алган эмес. Кол шаймандары менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө кошумча токой чарба ишканасынан 10 кызматкер, «Темир-Жол» ишканасынан 10 кызматкер тартылып, саат 20:56да чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 2 гектар аянт кургак чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.