Боом капчыгайында бир нече автобус сүзүшүп, балдар жаракат алды (видео)

Бүгүн, 11-июлда Боом капчыгайында бир канча автобус кагышты. Бул тууралуу айрым маалымат булактар видео, сүрөттөр менен маалымат таратышууда.

Маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында балдар бар. «Учурда Тез жардам кызматы иштеп жатат», — деп билдирет окуяга күбө болгондор. Автобустагы балдар Ысык-Көлдөгү лагерден эс алуудан келе жатышканы айтылууда.

Бул окуя боюнча Чүй жол кыймылын көзөмөлдөөчү башкармалыгы маалымат бере элек.