Боом капчыгайында жол толук ачылды

Боом капчыгайында жол түнкү саат 01:45те толугу менен ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
 -1-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында сел жүрүп, унаа жолун кум-шагылга толтурган. Жерине ӨКМнын борбордук аппаратынан майор З. Нарчаев, ӨКМнын Чүй облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басары, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ, куткаруучулар, техникалар тартылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында, саат 01:45 жол эки тараптуу толук ачылды. Мындан ары Нарын, Ысык-Көл дубанына жол тарткандар эч тоскоолдуксуз өтө алышат», — деп билдирет басма сөз кызматы.