Боом капчыгайындагы жол кырсык. Окуянын чоо-жайы

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Боом капчыгайындагы жол кырсык боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат берди. Маалыматка караганда, жол кырсыктан 28 жаштагы кыз, 5 бала жабыркаган.

«Беш автобус Ысык-Көл облусунан борборго кайтып келе жаткан. Колонна патрулдук унаа менен коштолгон. Бишкек-Торугарт жолунун 128-чакырымында Жол кайгуул кызматынын инспектору кырсык болгонун, тактап айтканда, Хонда Одиссейдин айдоочусу рулду башкара албай, парапетке урунган окуяны көрүп унааны токтоткон. Патрулдук милициянын унаасынын артында келе жаткан 1-2-автобус токтоп, бирок белгисиз себептерден улам үчүнчү автобус токтой албай, экинчи автобусту сүзгөн, ал биринчисин сүзгөндө баштагы автобус Хонда Фитти сүзгөн. Кесепетинен 28 жаштагы кыз, 5 бала жаракат алган», — дешти алар.