Боом капчыгайындагы жол кырсыктан 2 адам көз жумду

Боом капчыгайындагы жол кырсыктын кесепетинен 2 адам көз жумду. Кырсык болгон жерден тартылган видео, сүрөттөр социалдык тармактарга жүктөлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык кечээ, 14-мартта болжол менен саат 19:50 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 129-чакырымында катталган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун ортосундагы тосмону сүзгөн. Маалымат толукталып, такталат.