Бүгүн, 12-июлда Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Социалдык тармактын колдонуучулары жеринде тартылган сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу баткакка айланган. Мындан улам транспорттун кыймылы татаалдап жатат.