Боомдо Хонда Степвагон бетон тосмону сүзүп, 3 адам каза болду

Кечээ, 21-мартта Боом капчыгайында Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзүп, 3 киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан маалымдашты.

Жол кырсыгы саат 15:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 138-чакырымында катталган. Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы айдоочу ооруканада каза болуп, эки 35 жаштагы аял жүргүнчүлөр кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Авариянын себебин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды.