Боомдо уурдалган 5,2 миллион сом. Депутатка издөө жарыяланды

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 17-ноябрда Тоң РИИБге 43 жаштагы жаран кайрылып, ошол эле күнү түнкү саат 02:00 чамасында автобустун айдоочусу Каракол-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташып баратып, Боом капчыгайындагы кафеге токтогонун, унаадагылар тамактанууга кеткенде белгисиз жарандар унаадагы сейфти ачып, андагы 5 миллион 200 миң сомду алып кеткенин айткан. Анын айтымында, акчаны Караколдон туугандары Бишкекте тааныштарына берүүнү суранып, салып ийишкен.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 19 жана 27 жаштагы жарандар кармалган. Ал эми үчүнчү Каракол шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланган.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобус кээде Каракол шаарындагы ишкерлер тарабынан Бишкекке товар алуу үчүн которулган жашыруун сейфте акча ташыларын билишкен. Тергөө уланууда.