Боомдогу автобустардын жол кырсыгынан кийин Кеминдеги ооруканага 6 адам жеткирилди

Боом капчыгайында автобустардын катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам Кемин районунун жалпы медициналык практикалык борборуна жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге аталган борбордун директору Алмаз Назарбек уулу билдирди.

Жаракат алгандардын арасында 2 бала бар. «Абалы туруктуу, оор учурлар жок»,- деди ал.

Бүгүн, 11-июлда Бооп капчыгайында автобустардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, автобустар балдарды Ысык-Көлдөгү лагерден алып чыккан.