Боомдогу үрөй учургай жол кырсык. 5 адам жабыркаганы айтылууда (видео)

Кечээ, 30-июлда Боом капчыгайында жол кырсыгы катталды. Кырсыктын видеосу Телеграм-каналдарга жарыяланды.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча унаанын ичиндеги 5 адам жабаркаган. Видеодон көрүнгөндөй Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган.