«Боору жарылып кеткен». Чүйдө 2 жаштагы баланын өлүмүнө апасы менен жолдошу шектелип жатат

Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

28-сентябрь күнү Аламүдүн РИИБге 2021-жылы туулган бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылдын 12-августунда туулган баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көгалалары менен табылган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык эксперттердин маалыматына ылайык, баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилген, боору жарылып кеткени аныкталып, денесинде күйүктөр аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары баланын энеси 2000-жылы туулган жаран жана анын жарандык жолдошу, чет мамлекеттин жараны 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда тергөө иштери уланууда.