Кечээ, 1-июнь күнү Бишкек шаарында эки автоунаа кагышып, андан бир адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
«1-июнь күнү Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри жана Хонда үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кырсыктан Тойота Камридеги адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.












