Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңги заттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүп алган эки жаран кармалды

Ош шаарында баңгизат тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалган 1966-жылы туулган жана 1962-жылы туулган Кыргыз жарандары Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңгизаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөн.

Алардын автоунаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. “Мындан тышкары, 23-январда кармалган жаран жашаган жери боюнча тинтүү учурунда жана аймактан кампа жайлары табылып, жалпы салмагы 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылып алынды”, — деп жазылат маалыматта. Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталган.

Кармалган жарандар Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү чараларды көрүп жатат.