Бостериде 24 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти

Бостери айылында 24 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымат түшөр замат жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында жансыз денеси табылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.