Бостериде парашюттан түшүп кеткен аял милицияга да, ооруканага да кайрылган эмес

Буга чейин Ысык-Көл районунун Бостери айылында аял киши парашюттан түшүп кеткени маалымдалган.

Ысык-Көл облустук милициясы видеодогу маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Милиция кошумча маалымат берди.

«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча жабырлануучу жана аттракцион иштеткен кызматкерлер тарабынан да милицияга арыз түшпөгөнү аныкталган. Мындан тышкары, жабырлануучу Ысык-Көл райондук ооруканасына кайрылбагандыгы дагы белгилүү болгон.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарга жарыяланган видеодо тартылган жарандарды аныктоо боюнча райондук милициянын тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди. Аталган жарандар аныкталгандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет»,- дешти.