Бостеридеги аквапаркта каза болгон жигит Бишкектен көлгө эс алганы барган

Бостеридеги «Алтын кум» эс алуу жайындагы аквапаркта каза болгон 18 жаштагы жигит Бишкектин тургуну болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, бардык соттук медициналык экспертизалар дайындалды. Каза болгон 2003-жылы туулган жигит Бишкектин тургуну болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Кечээ, Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын аймагындагы аквапарктын суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчөсү 18 жаштагы жигитти соруп кеткен. Куткаруучулар анын жансыз денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.