Ботаникалык бакта чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кечээ, 21-июнда Бишкектеги Ботаникалык бакта куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында 60 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №5 ӨКБдан бир бөлүм тартылган, саат 19:39да чектөөгө алынган. Өрт саат 19:56да толук өчүрүлду. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.