Ботаникалык бакта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Саат 19:35те Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бакчанын аймагында өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.