Ботаникалык бактын аймагынан жер тилкелерин мыйзамсыз бергендер кармалды

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдашты.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды. Анда, аталган жер тилкелери Ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

19-октябрда чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.