Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?» деп жатышканын угууга болот.
Биринчи май райондук милициясы маалымат берип, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2009 жана 2012-жылы туулган өспүрүмдөр аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү да чакыртылган.
Учурда окуя боюнча текшерүү иштери улантылып жатат, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет жана чаралар көрүлөт.