«Боюнда бар деген ушакка чыдабай». Караколдо өспүрүм өз жанын кыймакчы болгон

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 8-класстын окуучусун өз жанын кыюудан алып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-мартта Каракол ШИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Мырзабек Саркеев окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Жолугушуу учурунда ал 8-класста окуган кыз классташтарына жана ата-энесине таарынып, өз жанын кыюуга даярданып жаткандыгы тууралуу маалымат алат. Кыздын энеси менен жолукканда, ал кызын урушуп салгандыгын жана кызы белгисиз тарапка кетип калганын айтат. Кыздын телефону да өчүк болгон. Аны издеп шаарды кыдырган милиция кызматкерлери окуучу кызды көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табышкан. Кыз терезеден секирип жанын кыюуга даяр экенин айтып, диалогго баруудан баш тартат. Дагы бир сүйлөшүүгө аракет көргөндө, кыз ага эч ким жолобошун талап кылат. Мырзабек Саркеев учурдан пайдаланып, каршылык көрсөткөн кызды тезинен тартып алат. Куткарууга анын кесиптеши да үлгүрөт.

Жагдайды териштиргенде, кыздын мындай кадамга баруусуна мектепте тарап кеткен ушак себеп болгону белгилүү болот. Ооруп, УЗИге түшкөн кызды кээ бир окуучулар «боюнда бар экен» деп сөз кылып жиберишкен. Күн сайын анын дарегине айтылган ушак сөздөр, ага кошумча ата-энеси менен болгон түшүнбөстүктөр кызды айласыз кадамга барууга түрткү болгон.

Учурда кыздын өмүрүнө эч бир коркунуч жок. Өспүрүм менен психологдор жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү иш алып барышууда.