«Brand House» курулуш компаниясынын башкы директору 2 айга камакта калтырылды

Буга чейин Бишкекте «Brand House» курулуш компаниясынын башкы директору кармалганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-августунда милицияга жаран кайрылып, башкы директорго чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, Чүй облусунда курулуп жаткан үйдөн батир алып берем деп, 59 миң 600 доллар алып, убадасына турган эмес.

Аталган факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Тергөө уланууда.