Бүгүн, 27-ноябрда БШКнын кезектеги жыйынынында комиссия мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлназ Халиловага жана Лира Акуновага кылмыш ишин козгоону жактырды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча айыпталууда.
Жыйында Свердлов РИИБдин тергөөчүсү талапкер Гүлназ Халилова добуштарды сатып алуу схемасын уюштурууга катыштыгы далилденгенин билдирди. Талапкердин жактоочусу айыпталып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Дагы эки үгүтчүгө да айып тагылган. Айыпкерлерден шайлоочулардын тизмелери жана 7 миллион 159 миң сом алынган.
Мындан сырткары БШК дагы бир талапкер Лира Акунованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча Октябрь РИИБдин кайрылуусун карады.
Милициянын тергөөчүсү Акунованын штабында иштеген кызы 360 миң сом акчалай сыйлык үчүн алдын ала макулдашылган шайлоочуларга бөлүштүрүү үчүн тууганына (талапкердин жээнине) которгон фактылар топтолгондугун билдирди.
Тергөөчүнүн айтымында, талапкердин кызы менен жээнине сырттан билдирүү тапшырылып, алар издөөдө. Акунова болсо милициянын чакырууларына көңүл бурбай, суракка келбей жатканын тергөөчү кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Гүлназ Халилова №24 шайлоо округунан (Свердлов району), ал эми Лира Акунова №22 округдан (Октябрь району) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.