БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүмү чыкты. Ал мамлекетке 2 миллион сом төлөшү керек

Чүй облусунун мурдагы губернатору, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүмү чыккан.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, ага 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Туйгунаалы Абдраимов 30-апрелде УКМК тарабынан өкмөттүн БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, кармалган. Кийин үй камагына чыгарылган.