«Буга чейин да зордуктоо боюнча издөөдө жүргөн». Бишкекте кыз зордуктоого шектүү кармалды

Бишкекте кыз зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

17-августта Ленин РИИБге кыз киши кайрылып, ошол эле күнү Жалдагы көп кабаттуу үйдө анын эркине каршы жыныстык катнашка барган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча, зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал мурда ушул эле берене менен айыпталып издөөдө жүргөн. Тергөө уланууда.