«Зордуктоо боюнча 2 жолу милицияга кайрылган». Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин окуясы боюнча жаңы жагдайлар

Чүй ОИИБден Сокулук районунун Селекция айылында үрөй учурган окуя боюнча кошумча маалымат берди.

2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 31-январында келин кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факты боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто ага карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган, ал өкүмгө нааразы болгон шектүү Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат.