«Бул башаламандык». Экс-президент Атамбаев сот залында айнек тосмону дагы ургулады

Бүгүн, 8-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча соттук процесс уланып жатат. Ага күчкө салып алып келинген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залында айнек тосмону дагы ургулады. Буга чейин 6-апрелде ал ушундай эле жол менен тарапташтарын сот залына киргизүүнү талап кылган.

«Үч грыжам бар, мен бул жерде отура албайм. Соттук тартипти бузууга аргасызмын. Мени судья сот залынан чыгарат деп ойлойм. Мени өмүр бою эркимден ажыраткыла. Бирок мени шылдыңдаганды, кыйнаганды токтоткула. Мени сот залынан чыгаргыла. Бул башаламандык», — деди Атамбаев.

Судья аны сот залынан чыгарды.