Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Марлис Асанов Талас ОИИБге жетекчи болуп дайындалдыбы?

Мындан үч жыл мурун болгон, коомчулукта чуу жараткан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган, ошол кездеги Чүй облустук милициясынын орун басары Марлис Асанов учурда Талас ОИИБнин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка  ылайык, Асанов мындан эки күн мурун дайындалган. Бирок учурда ал расмий түрдө ишине кирише элек.

Эске салсак, медициналык коллеждин студенти Бурулай Турдаалы кызы 2018-жылдын 27-майында Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан. Милиция аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Мындан улам бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 23 милиция кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылып, алардын 13ү иштен бошотулган. Алардын арасында Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев дагы болгон.