«Бут кийимдин боосу менен муунтушкан». Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

Ысык-Көлдө 64 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июль күнү Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө 2002-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 2-июль күнү саат 17:00 чамасында анын 1961-жылы туулган атасы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен такси кызматында иштеп жүрүп, дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону өчүк экенин билдирилген.

Факты Балыкчы ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 4-июль күнү Балыкчы шаарынын түндүк бетиндеги «Абрикос» дачасынын аймагынан дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болуп, спорттук бут кийимдин боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн абалда табылган.

Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

6-июль күнү кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 1996-жылы туулган тургуну жана Чолпон-Ата шаарынын 1994-жылы туулган тургуну кармалган. Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга камакка алынган. Тергөө уланууда.