Бут кийими суу жээктен табылган аялдын жансыз денеси табылды

Жети-Өгүздө дайынсыз болуп, изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

1-август күнү саат 19:00 чамасында куткаруучулар жана туугандары тарабынан 1951-жылы туулган аялдын сөөгү Чоң Кызыл-Суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Кечээ, 1-август күнү саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң Кызыл-Суу суусунун жээгинен аталган жарандын бут кийими табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.